Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев кайрадан сурак берүүдө

Коом

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Башкы прокуратурага суракка кайрадан чакырылды. Маалыматты “Кабар” агенттигине башкы көзөмөл органынан тастыкташты.

Учурда эки депутат кыргыз-тажик чек арасы боюнча сурак берүүдө.

Эскерте кетсек, аймакты ижарага берүү боюнча протоколго кыргыз тараптан Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Адахан Мадумаров жана анын тажик кесиптеши Амиркул Азимов кол койгон.