Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-ноябрда, жумушчу сапары менен Талас облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышат.
Анын ичинде Премьер-министр Бакай-Ата районундагы «Нур» көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүт кайра иштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Добо айылындагыМ.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат.
Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүн текшерет.