Бишкек, 15.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү. Анда кыргыз-казак кызматташтыгы, ошондой эле коронавируска байланыштуу жагдай талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Өкмөт башчылар Казакстан Республикасында жарыяланган өзгөчө кырдаалдар абалындагы шартта кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуунун улануутунун маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар мындан ары да эки өлкө элинин кызыкчылыгы үчүн маалыматтарды ыкчам алмашууну ишке ашырууга макулдашты.
Абылгазиев жана Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү — эмнени талкуулашты?

Пикир
Оставить комментарий