• 87.45
  • 97.39
  • 1.06

Абылгазиев жалпы республикалык ишембиликке катышты

Өкмөт 0

Бишкек,16.03.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышышты.

Иш-чара республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында уюштурулган.

Ишембилик Бишкек шаарындагы Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында өттү. Иш-чаранын алкагында Премьер-министр жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери бактардын көчөттөрүн отургузушту жана парктын аймагындагы таштандыларды тазалашты.

Пикир

Оставить комментарий