Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-мартта Эр-Рияд (Сауд Аравия Королдугу) шаарында өтө турган «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышат.
Белгилей кетсек, «Camel Fest» алкагында «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалы өтүп, ага Кыргызстандын миңден ашуун өкүлү катышты.