Өкмөт башчы Кемин, Москва жана Тоң райондоруна жаңы акимдери дайындады

Кадр саясаты

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир катар акимдерди дайындады.

Өкмөт башчынын буйругуна ылайык, Өмүр Ногоев Чүй облусунун Москва районунун акими болуп, ал эми Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун акими дайындалды.

Данияр Арпачиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими болуп бекиди.

Өткөн жумада Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, алты райондун акимдери ээлеген кызматынан бошотулган. Дагы бир катар аким жана чиновниктерге сөгүш жарыяланган болчу.