Бишкек, 10-март /Кабар/. Абдыманап Кутушев өз эрки менен Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Аталган арызга Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кол койду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.