Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун 39 жаштагы О.А. аттуу уулу Porsche унаасында велосипедчен адамды коюп кетти.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 15-майда саат 22:30дар чамасында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда Porsche унаасы 29 жаштагы велосипедчен кызды сүзүп кеткен.
Чогултулган материалдар Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.