9-майда Өзбекстанда аскердик парад өтпөйт

ММК БА ТУУРАЛУУ

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Быйыл Өзбекстанда 9-майда аскердик парадды өткөрүү пландалган жок.

Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо министрлигинин Тарбия жана идеалогиялык иштер боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ойбек Мамадалиев билдирди.

Мамадалиев 9-май Жеңиш күнү эмес, Эскерүү күнү экенин белгилеп, ардагерлерди даңктоо жана сыйлоого арналган иш-чаралар өтөрүн айтты.

Коргоо министринин өкүлү аскерлердин катышуусунда парад былтыр да, мурдагы жылы да өтпөгөнүн белгиледи.