Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Эртең, 7-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,
Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 23...28 градус.
Эртең Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 26…28 градуска чейин жылуу болот.