7-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 7-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Эртең, 7-октябарда абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10 градус, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9, Нарын облусунда 0…5, күндүз 5…10 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19 градус жылыйт.

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн жаан аралаш кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2 градус, күндүз 7…9 градус болот.