Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Эртең, 6-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39 градус, Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32, Нарын облусунда болсо түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33 градус болушу ыктымал.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен обулстарында абанын температурасы түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39 градус болот.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн 21…23 градус, күндүз 37…39 градус чейин жетиши мүмкүн.