Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Эртең, 5-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16, Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9, Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус суук болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градус жылуу болушу күтүлөт.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болуп, жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 14...16 градус болот.