№47 түзөтүү колониясында отургандар үчүн жумуш орун түзүлдү

Коом

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан №47 түзөтүү колониясында пескоблок чыгаруу өндүрүшү ишке берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кыматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жакында №47 түзөтүү колониясында курулуш материалы пескоблокту чыгаруучу жай түзүлгөн. Жабдык Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы “Келечек” мамлекеттик мекемеси тарабынан орнотулган.

Соттолгондор арасынан бир бригада түзүлгөн. Алар күнүнө 1 миңге жакын пескоблок чыгара алышат.

Андан тышкары, аталган колониянын аймагында жыгачтан ар түрдүү эмеректерди даярдоо үчүн цех ачылган. Ошондой эле, ширетүүчү цех ачуу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.