Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Эртең, 4-июнда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 23...28, Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 20...25 градус болот.
Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23, Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23 градус.
Ош, Жалла-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29 градуска чейин жетет.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 26…28 градус болот.