Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бишкекте №34 жана №146 автобус каттамдарынын схемасы өзгөртүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, №34 автобустун каттамы Шоро компаниясынан жаңы автобекетине чейин узартылды.

Ал эми №146 автобус Мыкан айылына жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Мыкан айылынын тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынган.