Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Эртең, 30-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21, Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 16…21 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16, Нарын облусунда болсо түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16 градуска жетет.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу болушу күтүлөт.
Борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7 градус, күндүз 19…21 градуска жетет.