Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Эртең, 30-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35 градус, Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32 градус.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39 градуска чейин ысык болот.
Борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы түнкүсүн 22…24 градус, күндүз 33…35 градуска жетиши күтүлөт.