Бишкек. 02.10.19. /Кабар/. Эртең, 3-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20, Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18, Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16 градус жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23, Баткен облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23 градуска жетет.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6 градус, күндүз 17…19 градус болот.