Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Эртең, 29-июнда өлкө аймагындагы тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 31...36, Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35 градуска чейин жетет.
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29 градус болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.
Борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 19...21, күндүз 34...36 градус болот.