28-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 28-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланышы мүмкүн. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус, Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14 жана Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градуска чейин жогорулайт.

Борбор калаабыз Бишкекте эртең жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 20…22 градус болот.