Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. 26 жаштагы Марат Кудайбергенов Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 31 депутаттын 22си колдоду.
Кудайбергенов – “Замандаш” депутаттык фракциясынан. 1993-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну. Ж. Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эске салсак, Балыкчы шаарынын мэри кызматына “Замандаш” жана “Кыргызстан” депутаттык фракцияларынан эки талапкер көрсөтүлгөн болчу.