• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

25-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 25-декабрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык,бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Талас облусунда +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3…+8, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын облусунда -3…-8 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +4…+6 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий