25-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Эртең, 25-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Бакен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,

Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30 градус болот.