Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Эртең, 24-октябрда Кыргызстандын аймагында жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет, - деп маалымдайт Кыргызгидромет борбору.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 15…20 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15 градуска жетет.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24 градус жылуу болуш күтүлөт.
Борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 1…3 градус, күндүз 18... 20 градус болот.