23-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Эртең, 23-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын көп болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20.

Эртең Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус ысык болот.