Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Эртең, 22-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус, Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15, Нарын облусунда түнкүсүн -3… сууктан +2 жылуу, күндүз 11…16 жылуу градуска жетет.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болсо абанын температурасы түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21 градус жылуу болушу күтүлөт.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн 4…6 градус, күндүз 16…18 гралус жылуу болот.