21-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Эртең, 21-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18, Таласта облусунда 1…6, күндүз 10…15, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 жана Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24 градус ысык болот.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус, күндүз 13…15 градуска чейин ысыйт.