Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстан боюнча 4 миң 736 ишкер "Кепилдик фонд" ААКнын кызматынан пайдаланган. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан өткөн жылы ишкерлер өнөктөш банктардын кепилдиги менен 8 млрд 26 млн сом өлчөмүндө кредит алышкан.
Бизнеске 2 млрд 821 млн сом өлчөмүндө кепилдик колдоо көрсөтүлдү.
Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 90% дээрлик 2,1 млрд сом суммасында өлкөнүн аймактарында ишердикти өнүктүрүүгө багытталган.
Алсак:
- Жалал-Абад облусунун ишкерлерине 401 миллион сомдук 1000ден ашык кепилдиктер берилген;
- Ош облусунун жана Ош шаарындагы бизнеске 385 млн сом суммасында 814 кепилдик берилген;
- Чүй облусунун ишкерлерине 534 млн сом суммасында 643 кепилдик;
- Ысык-Көл облусуна — 221 млн сом суммасында 497 кепилдик;
- Баткен облусуна — 204 млн сом суммасында 486 кепилдик;
- Талас облусу – 223 млн сомдук 425 кепилдик;
- Нарын облусу 129 млн сомдук 389 кепилдикти пайдаланышкан.
Фонддун басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, кепилдик берүүнүн артыкчылыктуу багыттары айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүш жана туризм индустриясы бойдон калууда.