Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Нуртазин Жетыбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча суу чарба маселелери боюнча глобалдык практиканын менеджери Уинстон Ю менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Мамкурулуштун директору Кыргызстан кызматташууга жана ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырууда жаңы рельстерге өтүүгө даяр экендигин билдирген.
Өз кезегинде Уинстон Ю Мамкурулуштун жетекчилигине иштеп жаткан долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн маселелерди чечүүгө өз убагында ыкчам жооп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын аягында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташуу боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле тараптар келерки жылы эл аралык финансы институттарынын катышуусу менен суу форумун уюштурууну макулдашышты.