Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-кварталында алдын ала маалымат боюнча консолидацияланган бюджеттин көлөмү 121,0 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,1%га, же 28 млрд сомго көбөйгөн.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы көлөмү 74,2 млрд сомду түзүп, план 110,1%га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жалпы кирешенин көлөмү 24,7%га же 14,7 млрд сомго өскөн.
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 40 млрд сомдук салыктар жана төлөмдөр түшүрүлүп, пландык көрсөткүч 101,3%га аткарылган. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 10,0%га, же 3,7 млрд сомго көбөйгөн.
Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 20,7 млрд сомдук бажы салыктары жана төлөмдөрү аткарылып, пландык көрсөткүч 105,0%га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,5 миллиард сомго же дээрлик 1,5 эсеге көбөйгөн.
2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 12,1 млрд сомду же пландын 172,9%ын түздү. Өткөн жылдын тиешелүү деңгээлине карата салыктык эмес кирешелер 5,0 млрд сомго же дээрлик 1,7 эсеге көбөйгөн.
Каралып жаткан мезгил ичинде алынган расмий трансферттердин түшүүсү 1,9 млрд сомду түзгөн.