2022–2027-жылдарга электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди

Өкмөт

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын 2022–2027-жылдарга өнүктүрүү программасы бекитилди.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Аталган документ 2022–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Буга катар 2022–2027-жылдарга электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жооптуу аткаруучулардын тиешелүү жылдарга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат деп белгиленген.