2021-жылдын 7 айында 1052 мамлекеттик квалификациялык сертификат берилген

Коом

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7 айдын ичинде курулуш тармагынын адистери үчүн 1052 мамлекеттик квалификациялык сертификат берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча – 613, Чүй – 70, Ош – 157, Жалал-Абад – 59, Ысык-Көл – 85, Нарын – 32, Талас – 24 жана Баткен облусу боюнча адистер – 12 сертификат алышты.

Бардык иштин түрлөрү боюнча долбоорчуларга – 305, излдѳѳчүлѳргѳ – 35, инжиниринг кызматы боюнча адистерге – 264, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге – 19, жана курулуш-монтаждоо иштери адистерге боюнча – 429 квалификациялык сертификаттары берилген.

Белгилей кетсек, 53 адиске компетентсиздикке байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган, биринчи жолу 490 адиске берилип жана квалификациялык сертификаттардын колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 562 адиске узартылган.