2020-2022-жылдарга КР социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жактырылды

Өкмөт

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жактырылды. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу» орто мөөнөттүү макроэконромикалык өнүктүрүүнүн сандык багыттарын жана чараларын аныктоо максатында иштелип чыккан.

Орто мөөнөттүү болжол 2018-жылдагы экономиканын өнүгүү тенденцияларын талдоонун, 2019-жылы күтүлгөн көрсөткүчтөрдү баалоонун негизинде эсептелген жана иш жүзүндө түзүлгөн кырдаалдын факторлорун/тобокелдиктери эске алынган.

Орто мөөнөттүү болжолдо 2020-жылга экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, анын ичинен алардын болжолдуу маанилерин деталдуу баяндоо жана тармактык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, региондордун расмий болжолдорунун базасында түзүлгөн 2021-2022-жылдарга өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү келечектери аныкталган.

Белгилей кетсек, 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.

Орто мөнөөттүү мезгилге экономикалык саясаттын башкы максаты макроэкономикалык туруктуулукту камсыздо жана өнүктүрүүнүн оң тенденцияларына жетишүү болот.