2019-жылы Марко Поло аркарын аткан учур болгон эмес

Коом

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. 2019-жылы Марко Поло аркарын аткан учур болгон жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарды жана биоартүрдүүлүктү сактоо департаментинин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Жыйында депутат Кенжебек Бокоев, Марко Поло аркарын аткандарга 1 млн сом айыппул каралганын айтып, ага мыйзамсыз аңчылык кылгандар тууралуу суроо салды.

Алмаз Мусаев 2018-жылы 1 адамга айыппул салынганын, ал эми 2019-жылы андай учур болбогонун айтты.

Бокоев, мыйзамсыз аңчылык кылгандар аң улоого унаа менен келерин, бирок айлыгы 5 миң сом болуп, унаасы жана ал үчүн майы жок егерлер аларды кармай албай калып жатканын сөз кылды.

Ал, агенттикке айлык маянаны көбөйтүү маселесин көтөрүүсүн жана аны бюджетке киргизүүнү сунуштады.