2018-жылы Кыргызстанга 35 миңден ашуун Кытай жараны кирген

Коом

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргыз Республикасына 35 215 Кытай жараны кирген. Былтыр бул көрсөткүч 41 307 болчу.

Маалыматка ылайык, ошол эле мезгилде 34 436 (2017-жылы 40 690) Кытай жараны чыгып кеткен.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда Кыргыз Республикасынын визасын 21 017 Кытай жараны алган, мунун 14 492 электрондук виза. 2017-жылы 12 310 виза алынган, (анын ичинде 1013 электрондук виза), ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргыз Республикасынын аймагына бир календардык жылдын ичинде бир канча жолудан келип-кетишкен.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 11 966 (2017-жылы 18 312) Кытай жараны алып, алардын ичинен 9 498 (2017-жылы 11 593) Кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксат алган.

Ошону менен бирге иш берүүчүлөр уруксатты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынан жыл сайын кайрадан алып турганга милдеттүү.