Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстанда концерттик жамааттар жана аткаруучулар 196 концерт берген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Статистика комитети Кыргызстандын маданият тармагына байланыштуу айрым маалыматтарды топтогон.
Комитеттин маалыматы боюнча, эл көп барган концерттер Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук филармониясында өткөрүлгөн.