2018-жылдын 6 айында кыргызстандыктар 208 млрд. сом тапкан

Экономика

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Быйылкы жылдын 6 айында Кыргызстандын калкынын акчалай кирешесинин номиналдык суммасы 208 млрд. 605,3 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, былтыркы жылдын 6 айына караганда быйыл кирише 23,3%га көбүрөөк болгон.

“Ошол эле учурда калктын акчалай кирешесинин булагы эмгек ишмердиги болуп, кирешенин жалпы көлөмүндөгү үлүшү 71%ды түзөт”, - деп белгилейт Улуттук статистика комитети.

Ал эми кыргызстандыктардын кирешелеринин реалдуу суммасы 203 млрд. 982 млн.сомду түзүп, былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнөн 20,6%га көп болгон.

Маалымдама: Номиналдык киреше – бир жаран же үй-бүлө белгилүү бир мезгил ичинде тапкан акчасынын суммасы.

Реалдуу киреше - бир жаран же үй-бүлө номиналдык кирешесине белгилүү бир мезгил ичинде сатып ала алган товар жана кызматтар.

Реалдуу кирешелердин өсүшү жалпы баалардын деңгээли менен номиналдык кирешенин пайыздык өсүш темпинин ортосундагы айырмасы катары аныкталат.