Бишкек, 15.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда 2017-жылы жаңы 57 ЖМК катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында юстиция министри Уран Ахметов билдирди.
Анын айтымында, 5 ЖМК кайрадан катталган.
Бардыгы болуп Кыргызстанда расмий түрдө 2,5 миң жалпыга маалымдоо каражаты каттоодон өткөн.
Ахметов билдиргендей, Юстиция министрлиги азырынча интернет басылмаларын ЖМКга теңөө боюнча жобону көтөрүп чыгууну пландаган жок.