Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. 2017-жылы КР Юстиция министрлигине жарандардан 8 миң 160 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Кайрылуулар негизинен төмөнкү маселелер боюнча болгон:
- юридикалык жактарды, филиалдарды каттоо – 398;
- мыйзамдарды түшүндүрүү - 67;
- бош административдик орундарга талапкерлердин билдирүүлөрү – 203;
- документке апостиль коюу боюнча кайрылуу - 4 миң 315;
- жактоочулук жана нотариалдык ишмердик боюнча кайрылуулар - 789;
- мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү – 122;
Ошондой эле, жеке мүнөздөгү суроолор келип түшкөн - 1 миң 479.
Мындан тышкары, 2017-жылы КР Юстиция министрлигинин жетекчилиги тарабынан 156 адам кабыл алынган.
КР Юстиция министрлиги кызыктырган суроолор же коррупциялык фактылар боюнча жарандар (0312) 65 10 10 ишеним телефонуна чалышса болорун эскертет.