Бишкек, 2-июнь /Кабар/. 2017-жылдын 4-6-июнунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоолуу райондордо 7…12°, бийик тоолуу жерлерде 0…5° жылуу болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2017-жылдын 4-6-июнунда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.