Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору маалымдаганда, эртең, 18-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус, Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13 градус, Нарын облусунда болсо түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын түнкү температурасы 3…8, күндүз 19…24 градуска жетет.
Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5 градус, күндүз 15…17 градус болушу ыктымал.