Кыргызстанга сентябрь айында 13 тез жардам унаасы келет

Коом

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Эл аралык долбоордун алкагында 16-сентябрда Кыргызстанга 13 тез жардам унаасы келет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, андан тышкары "Коопсуз шаар" добоорунун алкагында айыппулдардан чогулган 145 млн сомго да тез жардам унаалары алынууда. Ал унаалар да сентябрь айында келишим мүмкүн.