Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Эртең, 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда 4…9, күндүз 11…16, Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15, Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градуска жетет.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7 градусЮ күндүз 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт.