13-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 22...27 градус, Талас облусунда күндүз 21...26 градус болот.

Ысык-Көл облусунда күндүз 16...21, Нарында күндүз 17...22 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында күндүз 25...30 градуска чейин ысык болот. Баткенде күндүзгү абанын температурасы 27...32 градуска чейин жетет.

Бүгүн Бишкек шаарында күн ачык болот, абанын температурасы күндүз 24...26 градуска чейин жетет.