Бишкек, 12.03.23. /Кабар/. Эртең, 13-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28, Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градус жылуу болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында эртең абанын табы түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29 градуска чейин ысыйт.
Борбор калаабыз Бишкекте жаан жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн 8…10 градус, күндүз 26…28 градуска жетет.