Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Эртең, 12-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында күн сууктап, жамгыр карга айланышы мүмкүн.
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт, калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18, Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14 градуска жетет.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24 градус жылуу болушу күтүлөт.
Борбор калаабыз Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9 градус, күндүз 16…18 градус болот.