Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. №1 тергөө абагынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев бошотулду. Аларды бошотуп жаткан видео социалдык тармактарда жарыяланды.
Эскерте кетсек, Ниязов менен Сагынбаев Кой-Таш окуясы боюнча иште айыпталуучу болушат.
Буга чейин камактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчы Садыр Жапаров жана башка саясатчылар бошотулган.