1-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом

Бишкек, 30.06.19. /Кабар/. Эртең, 1-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот, ал эми тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, шШамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36, Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30, Нарын облусунда болсо түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31 градуска чейин жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37 градуска чейин ысык болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең абанын темперутурасы түнкүсүн 19...21, күндүз 34...36 градуска чейин ысык болушу ыктымал.