1-июлдан тартып суюлтулган көмүрсуутек газына салыктын ставкасы тоннасына 3 миң сомду түзөт

Экономика

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Мунай заттарды өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 - 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салыгы салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын эскертишти.

Демек, көрсөтүлгөн күндөн баштап суюлтулган көмүрсуутек газын өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдарынын ушул ченеми эске алынышы керек.